Дастан Бекешев: Мындай «операция» үчүн УКМК төрагасы отставкага кетиши керек
Кечээ, 7-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө аны кармоо операциясы жүрдү. Анын жүрүшүндө атайын багыттагы кызматтын бир кызматкери каза болгон.
«Каза болгон спецназ - Үсөн Ниязбеков. Мындай «операция» үчүн УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев отставкага кетиши керек», - деп жазды бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев.
Белгилүү болгондой, 7-августта саат 22:50 чамасында Бишкектеги ортопедия жана илим изилдөө борборуна спецназ келип түшкөн. Анын көкүрөк тушуна ок тийген. 8-августка караган түнү саат 00:40та анын каза болгону маалым болгон.
Погиб Усен Ниязбеков - заместитель командира спецподразделения "Альфа". За такую "спец.операцию" Председатель ГКНБ Опумбаев должен уйти в отставку.
— Дастан Бекешев (@bekeshev) 8 августа 2019 г.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: